Адегенде, кээ бир адамдар ойлогондой эле, мен дагы терс ойлордун агымында болуп, күнөөлүү адамды издеп, колумдан келишинче жемелеп, өзүмдү кошо күнөөлөп жашап келдим.
Ким изденсе ал адам сөзсүз изденгенин табат. Бул чындык. Албетте, мен өзүмдүн акыбалымдын начарлашын изилдедим. Аны кайрадан оңдоонун жолдорун таап, ден соолугумду, жашоомду, жакшыртууну ниет кылдым.
“ Жакшы тилек, жарым ырыс” дегендей күндөн күнгө түшүнбөгөн суроолорума жооп табылып, чечилбеген маселелерим чечилип келе жатат. Суроо берсең сөзсүз жообу ар кандай шартта, ар кандай жолдор менен келет.
Эми, менин өзүмө болгон, адамдарга болгон ишенимим күндөн күнгө бекемделүүдө. Себеби, мен ар бир адам менен мамиле түзүү менен, айлана чөйрөдөгү мени курчаган адамдарды көрүп, кандай адамдар менен мамиле түзүп жаткандыгымды жана келечек жашоомо кандай “үрөн” сээп жаткандыгымды “аң сезимим менен түшүнгөндөн» кийин кана жаңыча жашоого өткүм келди. “Өзүмдү кайрадан тарбиялоону тилеп, өзүм менен өзүм иштөөнү баштадым”.Ар бир адам “өз баласын” тарбиялоодон мурда, “өзүн – өзү» тарбиялоо керек экендигин түшүндүм. Себеби, “тарбия” деген нерсе ар бир адамдын туулгандан канында, генинде, инстинкинде бар нерсе. Аны болгону эстөө кана керектигин түшүндүм.
Адамдын бул дүйнөгө кеглендеги милдети: жөн кана жашоодон тарбия алуу, жер бетинде жашоону үйрөнүү, “жаратууну үйрөнүү” экендигин түшүндүм.
Ал деген нерсе :
– “аң сезим” менен түшүнүү, “өзүңдү өзүн сырттан көрө билүү”, “өзүңдүн кетирген кемчилигиңди айлана чөйрөдөгү адамдар чагылдырып көрсөтүп жатканын түшүнүү”, жаныңдагы ар бир адам – “сен, ички дүйнөңдө учур чактагы өзүң» экендигиңди түшүнүү” “ошол кемчиликтин үстүндө иштөө”,
– мамилеңди оңдоо, бирөөгө айтылган сөз өзүңө өзүң айтып жаткан сөз экендиги түшүнүү, “өзүңдүн терс оюңду тазалап”, позитивге буруу
– “пейилиңди кенен коюп”, айкөлдүккө үйрөнүү, “сөздөрдү өз ордунда айта билүү”, маанисин түшүнүп сүйлөө, “өзүңдү – өзүң урушуп, жемелөөнү токтотуу”.
– өзүңдү өзүң урушуу менен өз дүйнөңдү бузуп жаткандыгыңды түшүн, өзүңдү кандай болсоң ошондой кабыл алууну үйрөнүү.
“Эмнени кааларыңды ачык, так “ойлоно”, “айта билүү”, “сезе билүү” Мисалы : – “Мен ушул минута, ушул секундадан баштап өзүмдү өзүм урушканды, жемелегенди токтоттум”.
“Урушуу, жемелөө, күнөөлөө, күнөөлүү болуу” – деген сөздөрдү өз нормасында өз нугунда качан, кимдер арасында, кантип пайдаланууну так, даана, өз өлчөмүндө билемин.
“Өзүмдү кандай болсом, ошондой кабыл алдым” “Менин жашагым келет”.“ Мен сапаттуу жашоону тандадым”.
“Мен кубанып, сүйүнүч менен жашап жатам”.“Мен өз дүйнөмдө бир кана өзүм “негизги адам” экендигимди түшүнөм жана өз алдынча, “эркин адам” экендигимди кабыл алдым”.
“Менин эрким жана аң сезимим кол тийгис!”“Мени эч ким сөз кылууга, айыптап, каралоого акысы жок, ар бир адам өзүнчө чоң Аалам бөлүкчөсү!”– экендигин түшүндүм.
Ар бир адам жашоонун жыргалын көрүүгө татыктуу. Аны бузган адамда илимдин, билимдин, маалыматтын жана жашоодон алган тажрыйбасынын керектүү деңгээлде жетишпегендиги экени анык. Ошондуктан, бактылуу болгуң келсе төмөнкүдөй ойлордон пайдалансаң болот: “Мен Ааламда бар баардык жакшы жашоонун ээси болгум келет”.“ Мен ушул секундадан баштап бактылуу болууну чечтим!”“Мен бактылуу болууга татыктуумун”.
“Мен өзүмө өзүм бактылуу болууга уруксат бердим”
“ Мен өзүмдүн бактымды кабыл алдым”“Мен бактылуу жашап жатам!”“Мен бактылуу жашап жатканыма ыраазымын!”
“Мен ар дайым, өмүр бою бакыттын толкунундамын!”
ж.б.у.с. ойлорду ойлоп, сөз менен айтып, тилек, ниет кылуу жакшы жардам берет. Ачкыч сөздөргө көңүл бөлүп, маанисин түшүнүп айт.
–
[А] Менин оюм таза, сезимим тунук, сөздөрүм так, көңүлүм шат! Таза ойлор ден соолуктун булагы!