* * *

Көз алыстагы жылдыздардын шооласын даана көрөт, а эмне үчүн биз жаныбыздагы адамдардын шооласын даана көрө албайбыз?


* * *

Оор күндөн кубанычтуу күн артык, жеңилүүгө караганда жеңиш артык, бирөөнөн экөө артык.


* * *

Акылмандан сурап калдык:

– Даанышмандык кайдан башталат?

– Сүйлөгөн сөзүнөн, берген кеңешиңен, дүйнөгө болгон көз карашыңан, асыл ойдун ишке ашышынан.


* * *

Кечөөгүңкү күн бүгүн кайталанбайт, ошол үчүн өткөн өмүр кайталанбайт, өткөн кубаныч эсте калат, бирок кайталанбайт.

* * *

Эки жаш баш кошсо, алар түбөлүк ажырашкыс адамдар болгонго тете. Эми ошол эки жолочуну акыл аралашкан сүйүү башкарсын. Ылайым эле ошонжой болсун.

* * *

Эстен кетпей калган сүйүү бул армандуу сүйүү, ал түбөлүк эстен кетпей көңүлдө сакталып калган сүйүү.


* * *

Күндөр жагымдуу болсо, ошончолук узак, канчалык кайгылуу болсо, ошончолук кыска.


* * *

Тез өчүп унутулган сүйүү, сүйүү эмес, ал жөн эле бир элес. Ал түбөлүккө сакталбай унутулуучу элес.


* * *

Эски мектеп улгайган адамдардын эсинде калган. Анткени алар бала чагында ошол мектептен окуп калган .

* * *

Даанышмандан сурап калдым:

– Акылмандыктын чеги болобу?

–Жок, чеги болсо, акылмандыктын элеси эчак эле бүтүп калмак.


* * *

Шамал кайдан келсе, кубаныч ошол жактан келген. Махабат кайдан келсе, сүйүү да ошол жактан келген.


* * *


Эгин оруп жаткан адамга кайрылдым:


–Адамым эмне кылып жатасың?


– Жашоо менен күрөшүп жатам.


Ийин казып жаткан момолойго кайрылдым:


– Момолойум эмне кылып жатасың?


– Жашоо үчүн күрөшүп жатам..

Демек адамдар да жаныбарлар да жошоо үчүн күрөшүп жатат антпесе өмүр токтоп калган жатат.

Загрузка...